Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-августу № 64
Улахол айыл Өкмөтүнө караштуу айылдарга огородго берилүүчү жер аянттарын тактоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айылдык Кеңештин төрагасы Ашымов Тынчтыкбектин билдирүүсүн угуп, Улахол айыл Өкмөтүнүн калкынын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу жана сессияда чыгып сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин талкуулап, 20.01.2008-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жер участогун бир категориядан башка категорияга же бир түрүнөн башка түрүнө которуу жөнүндөгү № 19-токтомунун жобосуна жана Жер Кодексинин 18-статьясынын 4-пунктуна ылайык Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Айылды кеңейтүү үчүн Оттук айылы боюнча жалпы аянты 60,0 га жер аянты, Оттук айылынын түштүк тарабындагы Улахол айыл Өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик менчикте турган №132 контурда жайгашкан 122,90 га жайыт жер участогунун ичинен 60,0 га жер аянты турак-жай алдындагы имараттар категориясына которулсун.
2. Баардык айылды кеңейтүүгө берилип жаткан 60,0 га жер участогунун ичинен 25% ке чейинки же участогу кочолорго, социалдык объектилердин курууга, калган 75% тин тегерегиндеги жер участогу турак жай куруу үчүн берилсин
3. Бул жерге курулуштарды курууга Тон райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын планы бекитилсин
4. Жеке менчик турак жай куруу үчүн бериле турган жердин өлчөмү 0,12 га өлчөмүндө бекитилсин.
5. Бул токтомду аткаруу, тиешелүү документтерди топтоо жагы Улахол айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Ашымов |