Загрузка документа…
УЛАХОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын IV сессиясы
2017-жылдын 29-декабры № 67
Туура-Суу-2 айылындагы ФАПтын имаратынын капиталдык ремонтунун кош салымы жөнүндө
Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эсенгелдиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Туура-Суу-2 айылындагы ФАПтын имаратынын капиталдык ремонтун толук жана сапаттуу бүткөрүү максатында Улахол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Улахол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы калган калдык акча каражатынын эсебинен Туура-Суу айылдык ФАПтын ремонтуна кош салым катары 150 ООО сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эсенгелдиевге милдеггендирилсин.
Төрага | Т.Ашымов |