Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 19-февралы № 7/3
2017-жылдагы окуу тарбиялык иштеринин абалы боюнча №109 - кесиптик лицейдин директору Б.Абдылдаевдин берген маалыматы жөнүндө
2017-жылдагы окуу тарбиялык иштеринин абалы боюнча №109-кесиптик лицейинин директору Б.Абдылдаевдин жылдын жыйынтыгы боюнча берген маалыматтын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдагы окуу тарбиялык иштеринин абалы боюнча №109-кесиптик лицейинин директору Б.Абдылдаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап анын жаны директорлук кызматка келгендигин эске алып мындан ары №109-кесиптик лицейдин ишин кемчилиги жок акартууга милдеттендирилсин.
2. 2018-жылдагы окуу жылынын иш пландарын жана көрнөк-жарнактарын студенттерди окууга тартуу иштерин өз убагында жүргүзүү жагын кызматкерлердин иштөө тартибин жөнгө салуу иштерин алып баруу жагын №109-кесиптик лицейинин директору Б.Абдылдаевке мидеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин участкалык депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишинин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Карагозуевке тапшырылсын.
Төрага | С.Матикеев |