Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 19-февралы № 7/4
2018-2020-жылдарга карата өнүгүү боюнча план киргизү үчүн коомдук угуу жөнүндө
Кызыл-Жар айылы өкмөтүнүн башчысынын 2018-2018-жылдарга карата өнүгүү боюнча планга сунуштарды киргизүүүчүн берген маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн аймагында төмөндөгү сунуштарды:
Эко туризимди өнүктүрүү;
Биогазды иштетүүнүн технологиясын үйрөтүү боюнча жана бал челек кармоо боюнча окууларды уюштуруп берүү;
Балык чарбасын уюштуруу жана фитосанитария боюнча таза суу программасын ишке ашыруу;
Этти кайра иштетүүчү цех ачуу;
Тери,жүндү кайра иштетүүчү мини цех ачуу боюнча сунуштар 2018-2020-жылдарга карта стратегиялык планынга киргизүү жагы белгиленсин.
2. Кызыл-Жар айыл аймагында өнүгүү долбоору боюнча жогоруда белгилген сунуштар ПРООНдун өнүгүү программасы боюнча иш чарасына киргизип берүү жагы суралсын.
3. 2018-2020-жылдарга карата өнүгүү боюнча программасына киргизилген иш чараларды көзөмөлгө алып 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттине проекти түзүү жана сметаларды иштеп чыгуу иштерине акча каражатын бөлүп берүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевке милдеттендирилсин.
Төрага | С.Матикеев |