Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 19-февралы № 7/6
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Кайын-Талаа айылына маданият үйүнө жана Коо-Чаты айылына китепкана ачууга штаттык бирдигин ачуу жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевдин Кайын-Талаа айылында маданият үйү жана Коо-Чаты айылында китепкана жок экендиги жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап жаңы штаттык бирдиктерди ачуу максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылына маданият үйүнө эки штаттык бирдик жана Коо-Чаты айылына китепканасына да эки штаттык бирдик ачтырып, берүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Ф.Э.Б башчысы Б.Арапбаевке милдеттендирилсин.
2. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Кайын-Талаа айылына маданият үйүнө жана Коо-Чаты айылындагы китепкананын штаттык бирдигине керектүү жерлерге кат менен кайрылуу жана зарыл документацияларды даярдатуу жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө жана башка социалдык экономикалык жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Карагозуевке милдеттендирилсин.
Төрага | С.Матикеев |