Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 19-марты № 8/3
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Коо-Чаты айылына китепкана ачуу жөнүндө
Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин 19.02.2018-жылдагы № 8/5чечимин аткаруу үчүн Коо-Чаты айылында китепкана ачууга штаттык бирдиктерге жана башка чыгымдарга каражат табылгандыгына байланыштуу китепкана ачуу боюнча айыл өкмөттүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап китепкана ачуу максатында Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ЧЕЧИМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылына китепкана ачылсын.
2. Китепкананын китеп фондусун толуктоо, инвентарларды алуу жагы айыл өкмөттүн Ф.Э.Б башчысы Б.Арапбаевке милдеттендирилсин.
3. Китеп фондуну толуктоого жардам берүү жагы Кара-Кулжа райондукборборлоштурулган китепкана тармагынын директорунан ( М.Сагынбаева) суралсын.
4. Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө жана башка социалдык экономикалык жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Карагозуевке милдеттендирилсин.
Төрага | С.Матикеев |