Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2018-жылдын 19-июну № 9/1
Кызыл-Жар айыл аймагында жайгашкан Кызыл-Жар участкалык ооруканасын Кара-Кулжа райондук борборлоштурулган ооруканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл аймагында жайгашкан Кызыл-Жар участкалык ооруканасын биздин балансда тургандыгы менен биздин карамагыбызда бюджетти жок.Биздин баланска алып калган менен биз акча каражатын жана ар кандай ремонттук иштери болгон учурда жакындан жардам көрсөтө албастыгыбыз боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевдин берген маалыматын угуп жана талкуулап, Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл аймагында жайгашкан Кызыл-Жар участкалык ооруканасынын бюджети Кара-Кулжа райондук борборлоштурулган ооруканага карагандыгына байланыштуу Кызыл-Жар айыл аймагынын балансынан чыгарып, Кара Кулжа райондук борборлоштурулган ооруканасынын балансына өткөрүп берүү жагын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевке милдеттендирилсин.
2. Кызыл-Жар участкалык ооруканасынын балансындагы жердин аянты 24314,80 жана бөлүмдөрү (терапия, хирургия, ашкана, №14 ГСВ, төрөт бөлүмү, балдар бөлүмү, отункана, көмүркана), жаңы салынган Азимбаев Алибай ооруканасы Кара-Кулжа борборлоштурулган ооруканага өткөрүлүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы элге билим берүү саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштар менен иштөө жана башка социалдык экономикалык жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Карагозуевке милдеттендирилсин.
Төрага | С.Матикеев |