Редакцияот 19.06.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

7-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

2018-жылдын 19-июну № 9/2

Кызыл-Жарайыл өкмөтүнүн жайыттар жөнүндө

“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин негизинде, ошондой эле “Жайыттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарынын 8 сессиясы жайыт жерлердинатыйжалуужана сарамжалдуубашкаруунун жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерине башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилсин.

2.Жайыт комитетинин төмөнкү сунуштары белгиленсин:

- 2018-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:

- Ийри мүйүздүү мал - бир баш үчүн 50,00 сом;

- Кой-эчкилер - бир баш үчүн 10,00 сом;

- Жылкылар  - бир баш үчүн 50 сом ;

-Кирешелер жана чыгашалар ( 1тиркеме) .

3.Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине пайдалануучу жайыт участоктору үчүн жер салгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюдеттке багыттоо милдети жүктөлсүн.

4. Жайыт пайдаланучулар бирикмесине жогоруда аталган жайыт жерлери менен кошо, тиркелген кабыл алуу, өткөрүп берүү актысына ылайык жайыт инфраструктурасынынын тиешелүү обьектилери өткөрүлүп берилсин.

5. Кызыл-Жар айыл аймагынын жайыт аянты жана Кара-Кулжа Алайку токой чарбасынын жайыт аянтынын жайыт акысы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмеси тарабынан жүргүзүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевке жүктөлсүн.

 

Төрага

С.Матикеев