Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
7-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2017-жылдын 19-декабры № 6/1
2018-жылга карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин кезектеги 6-сессиясынын (VIшайланган) жыйналышынын биринчи маселеси боюнча Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевдин 2018-жылга карата Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин болжолдуу планын бекитүү жөнүндө берген маалыматтарын угуп жана талкуулап Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджеттин кирешелер бөлүгү 10291,1 миң сомго, чыгашалар бөлүгү 10291,1 миң сомго бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылшынын көзмөлдөө жагын Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджеттинин иштетилишинин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Карагозуевге тапшырылсын.
Төрага | С.Матикеев |