Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
8-сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы
2017-жылдын 19-декабры № 6/2
Кыргыз Республикасынын Дем берүүчү грандынын эсебинен Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылында жайгашкан “Терек” балдар бакчасы жана Терек айылынын маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүгө Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүнжергиликтүү бюджеттинен өздүк салымын карап берүү жөнүндө
Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылынын “Терек” балдар бакчасынын башчысы У.Туюкбаеванын “Терек” балдар бакчасынын жана Терек айылдык маманият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кызыл-Жар айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Терек айылынын “Терек” балдар бакчасынын жана Терек айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүүүчүн Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүнжергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражатын өздүк салыман төлөп берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевке милдеттендирилсин.
2. “Терек” балдар бакчасынын жана Терек айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттонөткөрүүүчүн керектүү документациясын бүтүшүн көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Айсаевке милдеттендирилсин.
3. “Терек” балдар бакчасынын жана Терек айылдык маданият үйүн капиталдык ремонттонөткөрүүүчүн проектисинин сметасын түзүүгө кеткен акча каражатын Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүнжергиликтүү бюджеттинин эсебинен төлөп берүү жагы Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Б.Арапбаевке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Жар айылдык Кеңешинин участкалык депутаттарына жана туруктуу комиссиянын жергиликтүү бюджетинин иштетилишинин жана маданий иштерди алып барууну көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Б.Карагозуевке тапшырылсын.
Төрага | С.Матикеев |