Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-сентябры № 12
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кууганды айыл өкмөтүнүн менчигиндеги эски мектептин имараты:
2/3 бөлүгү - балдар бакчасынын имараты,
1/3 бөлүгү - айыл өкмөтүнүн имараты болуп экиге бөлүнүп берилсин.
Эки мекеменин документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы А.Жолдошовго милдеттендирилсин.
Балдар бакчасын өткөрүп алуу боюнча комиссия курамы түзүлүп, төрагасы болуп бюджет жана экономика, инвестиция тартуу комиссиясынын төрагасы С.Суюнтбеков дайындалсын.
1. Аймактагы ИСКАКБ “Таза суу” бирикмесинин суу топтоочу резервуарларынын айланасына мал киргизүүгө жана багууга тыюу салынсын.
ИСКАКБ “Таза суу” кароолчусу К.Жуманалиевге чара көрүү жагы ИСКАКБ
“Таза суу” жетекчиси Н.Тайжановго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы А.Жолдошовго милдеттендирилсин.
3. Кууганды айыл өкмөтүнүн 2017-жылга статист-экономист үчүн ,эмгек акы, социалдык фонддун төлөмдөр ж.б. чыгымдары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1. Эмгек акы 2111-102200 с, Социалдык фонд төлөмү 2121-15108 с, Командировкалык чыгым 2211-3600с, Уюлдук байланыш кызматы 2212-2400с, Ар кандай чыгымдар 2215-3600с.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кууганды айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы Т. Шыгаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Кууганды айылдык кенешинин алдындагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Тайтекеев |