Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-сентябры № 18
АРИСтин АИД-3 долбоорлорун облустук конкурстук комиссиясына сунуштоо
Ири жана чакан АИД-3 долбоорлору жөнүңдө Кара-Суу айылдык аймагындагы демилгелүү топтун сунуштарын карап чыгып, Депутаттардын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 24-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ири долбоорго Кара-Суу айылында курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерин бүткөрүү.
2. Чакан долбоорго Кара-Суу айыл аймагындагы А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу
3. Ири жана чакан АИД-3 долбоорлорун карап чыгуу АРИСтин облустук конкурстук комиссиясына сунушталсын.
4. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин муниципалдык менчик, экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |