Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-октябры № 46
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын III кварталынын аткарылышы жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн III кварталында аткарылышы жөнүндө даярдалган ФЭБ башчысы Ж.Токтомушованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезектеги XVII- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын III кварталынын киреше бөлүгү 28040,9 (жыйырма сегиз миллион кырк миң тогуз жүз) сомго, чыгаша бөлүгү 21759,2 (жыйырма бир миллион жети жүз элүү тогуз миң эки жүз) сомго, аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылдын III кварталынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |