Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 50
Дара айыл аймагындагы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоодон өтпөй калган тургундардын үй жайларын бекитип берүү жөнүндө
Дара айыл аймагындагы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоодон өтпөй калган тургундардын үй жайларын бекитип берүү боюнча даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара аймагынын Кан, Тунук-Суу, Сары-Талаа, Жаңырык, Табылгы жана Кайыңды айылдарындагы 2002-2003-жылдардагы системалык каттоодон өтпөй калган тургундардын үй жайлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде бекитилип берилсин. (1 барак тиркеме тиркелет)
2. Токтом боюнча иш кагаздарын даярдоо жагы турак жай үчүн жер берүү боюнча комиссиянын төрагасына жана жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М. Султанов |