Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 51
Бала бакча ачууга макулдук берүү жана Жобосун бекитүү жөнүндө
Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы мектеп жашына чейинки балдардын билим алуусуна шарт түзүү, билим берүү, тарбиялоо иштерин өркүндөтүү максатында Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылында 25 орундуу балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.
- Мамлекеттик тилде толук аталышы: “Ак-Кайың” балдар бакчасы
- Расмий тилде: Детский сад “Ак-Кайың”
2. Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылындагы “Ак-Кайың” балдар бакчасынын Жобосу бекитилсин.
3. Бала-бакчага тиешелүү болгон юридикалык документтерин мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Баткен райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн орун басары А.Тажибаевге жана айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Султанов |