Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 52
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы IХ сессиясынын №80-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы IХ сессиясынын № 80-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын 2017-жылдын 21-ноябрындагы IХ сессиясынын №80-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
2. Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы Атылган-Таш участкасынын 582-контурунун түштүк-батыш тарабынан таштанды таштоо үчүн 1га жер жана Чек айылынын Төө-Таш участкасынын 268-269-контурунун түндүк-батыш тарабынан 1га жер аянты таштанды таштоо үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
3. Айыл чарба багытындагы таштуу жайыт жерден 1га жер аянты өнөр-жайынын, транспорттук байланыштын коргонуу жерлери жана башка багытындагы жерлерге которуу (трансформациялоо) жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |