Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги XVII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 53
Дара айыл аймагына караштуу Тунук-Суу айылына мүрзөгө жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Дара айыл аймагына караштуу Тунук-Суу айылынын тургундарынын коомдук муктаждыктарын чечүү максатында жана эски мүрзө толуп калгандыгына байланыштуу даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагына караштуу Тунук-Суу айылынын Коңур-Дөбө участкасынын түндүк тарабындагы 3га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Дара айыл аймагына караштуу Тунук-Суу айылынын Коңур-Дөбө участкасынын түндүк тарабындагы 3га жер аянтына мүрзө ачууга макулдук берилсин.
3. Тийиштүү болгон иш-кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М. Султанов |