Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(алтынчы чакырылышынын) кезектеги ХVII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 54
Дара айыл аймагындагы канал жана латоктордун коргоо зоналарын бекитүү жөнүндө
КР Суу кодексинин 69-беренесинин I пунктунун негизинде суу корголуучу зоналарынын аймагын бекитүү жөнүндө даярдалган маалыматты угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагындагы каналдардын суу корголуучу жалпы зонасы 24 м, латоктордун корголуучу жалпы зонасы 6 м болуп бекитилсин.
2. Суу корголуучу зонадагы жер аянттарын жалпы аянтын тактап, “Зарделек-Баткен” СПА сына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |