Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 146 /25-7
Талас шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту, Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 Протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеӊешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас район-шаардык билим берүү бөлүмүнүн (Б.Керимбаев) 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас район-шаардык билим берүү бөлүмүнө (Б.Керимбаев) Талас шаардык кенешинин 01.12.2017-жылдагы кезектеги №74/14-7 сандуу токтомунда белгиленген: -Талас шаарынын мектептерин жана мектепке чейинки мекемелерин алтернативдүү түрдө көмүр отуну менен жылытуу боюнча, Талас шаардык №8 орто мектеби каражаттын жоктугунан көмүр менен жылытууга өткөрүлбөгөндүгү белгиленсин жана 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата, Талас шаарынын №1 орто мектебин Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын борборлоштурулган түтүкчөсүнө кошуу боюнча документтик-сметалык иш кагаздарын иштеп чыгып, тиешелүү иш аракеттер көрүлсүн жана жыйынтыгы Талас шаардык кенешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
3. Талас шаарынын мектептерин жана мектепке чейинки мекемелерин алтернативдүү түрдө көмүр отуну менен жылытуу алкагында, Талас шаардык №8, №3 орто мектептерине 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражат бөлүү жагы каралсын.
4. Кабыл алынган токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын биринчи вице-мэрине (Д.Курманалиев) милдеттендирилсин.
5. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |