Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 147 /25-7
Талас шаардык жылуулук ишканасынын ишмердүүлүгү жана 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 6-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын № 3 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык жылуулук ишканасынын (М.К.Мамадалиев) 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгы, шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын жана мекеме уюмдарды жылуулук менен камсыздоо боюнча жалпы ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык жылуулук ишканасынын (М.К.Мамадалиев) 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилдерине карата, Талас шаарынын №1 орто мектебин Талас шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын борборлоштурулган түтүкчөсүнө кошуу боюнча документтик-сметалык иш кагаздарын иштеп чыгып, тиешелүү иш аракеттер көрүлсүн жана жыйынтыгы Талас шаардык кенешинин кезектеги сессиясына сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |