Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 149 /25-7
Талас облустук өнүктүрүү фондусуна долбоорлорду сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 10.11.2014-жылдагы № 633 сандуу токтому жана Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 18.10.2018-жылдагы №01-3/1497 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушунун негизинде,Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, көрктөндүрүү жана заманбап техникалар менен жабдуу максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишканасына 1 023 787 (бир миллион жыйырма үч миң жети жүз сексен жети) сомго тратуар плиткаларын даярдоочу станок, 2 364604 (эки миллион үч жүз алтымыш төрт миң алты жүз төрт) сомго лоток жана бордюрларды даярдоочу станок, 467 550 (төрт жүз алтымыш жети миң беш жүз элүү) сомго кран-манипулятор жана 6 602340 (алты миллион алты жүз эки миң үч жүз кырк) сомго эсептелген автогрейдер, 500,0 (беш жүз миң) сомго Жол белги салуучу техникасы, 985 000 (тогуз жүз сексен беш миң) сомго эсептелген 2 даана трансформатор орнотуу боюнча долбоорлорду Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунуштоого макулдук берилсин.
2. Талас облустук өнүктүрүү фондусуна сунушталган долбоорлорду тиешелүү жобого ылайык иштеп чыгуу жана долбоордук-сметалык документтеринин тууралыгын көзөмөлгө алуу жагы, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын биринчи вице-мэрине (Курманалиев Д.С.) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мусуралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |