Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 150 /25-7
Талас шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүнүн №30 дарегиндеги муниципалдык турак жайды Талас шаардык мамлекеттик архивинин балансына өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.04.2018-жылдагы №264 токтому, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 04.04.2013-жылдагы №2970-V токтомунун 8-пунктуна ылайык, “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары: -облустук, райондук, шаардык мамлекеттик архивдердин имаратын, документтерди сактоонун тийиштүү шарттарында кармоону камсыз кылуу максатында, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 19.09.2018-жылдагы №01-1/1338 сандуу катынын негизинде жана Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын №3 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүнүн №30 дарегинде жайгашкан 600 м.кв.жер участогундагы жалпы курулушу аянты 52.2 кв.м. болгон муниципалдык турак жайды Талас шаардык мамлекеттик архивинин балансына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Талас шаарындагы Бөкөнбаев көчөсүнүн №30 дарегинде жайгашкан 600 м.кв.жер участогундагы жалпы курулуш аянты 52.2 кв.м. болгон муниципалдык турак жайды Талас шаардык мамлекеттик архивинин балансына өткөрүү боюнча мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Талас шардык муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду аткаруу боюнча жалпы көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык мэриясынын биринчи вице-мэрине (Д.Курманалиев) милдеттендирилсин.
4. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана
5. Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Ж.Сариева) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мусуралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |