Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 151/25-7
Талас шаарындагы курулушу бүтпөгөн 600 орундуу маданият үйүн Талас облустук башкармалыгынын балансында турган жалпы 4 имаратка алмаштырууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 25.10.2018-жылдын №01-5/1424 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы А.Огонбаев жана К.Нуржанов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган курулушу бүтпөгөн 600 орундуу маданият үйүн Талас облустук башкармалыгынын балансында турган жалпы 4 имаратка алмаштырууга макулдук берилсин.
2. Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) Талас шаары Турдалиев көчөсү №206 дарегинде жайгашкан Талас облустук сотунун имараты, Талас шаары Ч.Айтматов көчөсү №285 дарегинде жайгашкан Талас шаардык сотунун имараты, Талас шаары Ч.Айтматов көчөсү №257 дарегинде жайгашкан Талас областынын райондор аралык сотунун жана сот департаментинин Талас облустук башкармалыгынын имараты жана Талас шаарынын Э.Мадиев көчөсү №2 дарегинде жайгашкан Талас райондук соту жалпы 4 обьекттин баланстык документтик иш кагаздарын аныктап чыгып, Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган 600 орундуу маданият үйүнүн имаратына алмаштыруу боюнча мыйзам талаптарынын чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомду аткаруу жагын көзөмөлдүккө алуу Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын биринчи вице-мэрине (Д.Курманалиев) милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мусуралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |