Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 152/25-7
Талас шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын ишмердүүлүгү жана Талас шаары жана Талас районунун чек ара маселесин тактоо, шаар тургундарынын жер тилкелери боюнча арыз кайрылуулары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, комуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын (С.Бекмамбетов) 2018-жылдын 9 айына карата жалпы ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгына (С.Бекмамбетов) Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын “Талас шаарынын Генпланы” боюнча долбоорун аягына чыгарууну тездетүү максатында, Талас шаары жана Талас районунун чек ара маселелерин тактоого көмөк көрсөтүү багытында иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, комуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |