Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 154/25-7
Талас райондук, шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын ишмердүүлүгү жана Талас шаарында жумушсуздук менен иштөө багытындагы иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын протоколдук чечимин карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас райондук, шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын (Рысалиева Д.Т.) жалпы ишмердүүлүгү жана Талас шаарында жумушсуздук менен иштөө багытындагы иш аракеттери “канааттандырарлык”деп табылсын.
2. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча”туруктуу комиссиясынын төрайымына (Рыскулбекова А.К.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |