Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 155/25-7
Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын өзгөртүлүп кайрадан түзүлгөн келишимдерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 19.09.2018-жылдагы № 01-1/1340 чыгыш сандуу катынын жана Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын” №3 протоколдук сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 29.01.2018-жылдагы №59 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлдөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.09.2011-жылдагы №571 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу кайрадан өзгөртүлүп түзүлгөн келишимдерди бекитип берүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Талас шаардык кенешинин 20.04.2017-жылдагы №25/6-7 сандуу “Жер участогунун типтүү ижара келишимин бекитүү жөнүндө” жана №26/6-7 сандуу “Жер участогуна менчик укугун сатып алуу-сатуу келишимин бекитүү жөнүндө” токтомдору жокко чыгарылсын.
2. Талас шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Талас шаарындагы муниципалдык жерлерди ижарага берүү боюнча төмөндөгү келишимдер тиркемеге ылайык бекитилсин.
-Жер участогунун типтүү ижара келишими (1-тиркеме)
-Жеңилдетилген типтеги обьекттер үчүн жер участогунун типтүү ижара келишими (2-тиркеме)
-Жер участогуна менчик укугун типтүү сатып алуу-сатуу келишими (3-тиркеме)
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаңы Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |