Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXV сессиясы
2018-жылдын 14-ноябры № 157/25-7
Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын ишмердүүлүгү жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кеӊешинин Регламентинин 18-пункту,Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын протоколдук чечиминин негизинде Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, курулуш жана архитектура багытында аткарылган иштер боюнча карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын (А.Мураталиев) жалпы ишмердүүлүгү “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына(А.Мураталиев)“Талас шаарынын Генералдык планынын” архитектура жана шаар куруу, инженердик долбоордун чечимдеринин сапатын баалоо жана Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртууда квалификациялык чечимдерди кабыл алуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык кызматтар агенствосу менен биргеликте тыгыз байланышта иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, комуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |