Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-октябры № 21
Шамал-Терек айыл аймагында Э.Атакулов атындагы орто мектебине жана ФАПка санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу максатында айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетуна акча каражатын түшүрүп берүү жөнүндө
Көлдүк айыл өкмөтү 2007-жылы «ПРООНдун» пилоттук тизмесине кирип, айыл аймагындагы Э.Атакулов орто мектеби жана Шамал-Терек айылындагы ФАПка санитардык гигиеналык абалын жакшыртуу максатында проектинин негизинде жалпысы 342514 (үч жүз кырк эки миң беш жүз он төрт) миң сом акча каражатын атайын каражаттар эсеп счетунун 22211200 бөлүмүнө чегерүү жагы финансы-экономика боюнча туруктуу комиссияда каралып, алардын талкуусунун КРнын «Бюджет Кодексинин», КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Көлдүк айылдык кеңешинин кезектеги 5 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көлдүк айыл өкмөтүнө «ПРООНдун» проектиси аркылуу каралган жалпысы 342514 (үч жүз кырк эки миң беш жүз он төрт ) миң сом акча каражаты атайын каражаттар эсеп счетунун 22211200 бөлүмүнө кошумча план болуп чегерилсин.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Дүйшеевге жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «финансы-экономика, бюджет» экономика жактан болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Шермамат уулу Бектурга тапшырылсын.
Төрага | Б.Сатыгулов |