Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 09-октябры № 24
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылгы айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү 2019-20120-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө
Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылгы айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү2019-20120-жылдарга долбоорун кароо жөнүндө маселени айылдык кенештин бюджет, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, алардын сунуштарынын негизинде Көлдүк айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2018-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети кирешелер жана чыгашалар 4542,7миң сом өлчөмүндө бекитилсин (№1тиркеме).
2. Айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №2тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
3. 2018-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин
а) жалпы мамлекеттик салыктын түшүүлөрдөн салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктын -50пайыз өлчөмүндө
б) ыктыярдуу патент негизинде салыктын милдеттүү патенттөө негизинде салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн айылдардын жергиликтүү бюджеттеринен тескөсүнө 100пайыз өлчөмүндө
в) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратетиялык пайдалануу кендерди: алтынды, газды кошпогондо, роляти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине -100пайыз өлчөмүндө:
г) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке -100пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
4. Жергиликтүү салыктардын жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджетке алынууга жатпастыгы белгиленсин.
5. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэфиценттери жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2017-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Мыйзам менен бекитилген 2019-2020- жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
6. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 45,4 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнө 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезекетеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, социалдык фондко чегерүү, тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналдык камсыздандырууга чегерүүлөр) коммуналдык кызматтар (электр энергия, көмүр, суу) боюнча жүзөөгө ашыруу сунушталсын.
8. Айыл өкмөтүнүн теңдөөчү гранттарды биринчи кезекетеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багытталсын
9. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилигин алышат.
10. Айыл өкмөтү тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынаары эске алынсын.
11. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынары белгиленсин.
12. Айланма кассалык калдык (оборотный кассовый наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2018-жылдын 1-январына карата 50,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.
13. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу коиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Сатыгулов |