Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 08-майы № 30
Жайыт комитетинин 2017-жыл ичинде аткарган иштери жана 2018-жылга жайыт пайдалануучулар бирикмесинин бюджетин бекитүү жөнүндө
Көлдүк айылдык кенешинин 6 чакырылышынын кезектеги 6 сессиясы жогорудагы маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин 2017-жыл ичинде аткарган иши канаатандыраарлык деп табылсын. (Т.Абдыкалыковдун отчету тиркелет)
2. 2018-жылга Көлдүк айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин бюджети 323400 сом өлчөмүндө бекитилсин.(бюджеттин долбоору тиркелет)
3. Жайыт комитетинин кызматтык авто унаасы жок болгондуктан жайыт комитетинин өзүнүн менчик авто унаасын (нива улгусу 26 21номурлуу ) колдонууга уруксат берилсин.
4. 2018-жылга белгиленген бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыткомитетинин төрагасы Т.Абдыкалыковго милдеттендирилсин.
Төрага | Б.Сатыгулов |