Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 08-майы № 32
Жайлоону пайдалануу, жайыт пайдалануу үчүн укук алуу үчүн акы жөнүндө
Жайлоону пайдалануу, жайыт пайдалануу үчүн укук алуу үчүн акы жөнүндө маселелер Көлдүк айыл аймагынын Көлдүк жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин жайыт комитетинин башчысы: Т.Абдыкалыковдун сунушунун негизинде Көлдүк айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 07-апрелиндеги элдик жыйынынын № 4-протоколун айылдык кенешинин «Айыл чарба, жер маселелери» боюнча туруктуу комиссиясы карап, кароонун жыйынтыгын эске алып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндө Мыйзамынын 10-беренесинин негизинде жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пункутунун негизинде Көлдүк айылдык кенешинин 6- чакырылышынын кезектеги 6 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көлдүк айыл аймагындагы жеке менчик малдардын жайлоого айдоо мөөнөтү 2018-жылдын 10-майынан кечиктирилбей айдоо жана кайтуу мезгили 2018-жылдын 10-сентябрь күнүнө бекитилсин.
2. Жайыт пайдалануучулардан алынуучу жайыт акы ар бир баш кара малга 100 (жүз) сом, кой эчкиге 20(жыйырма) сомдон бекитилсин.
3. Жайлоодо багуучу бадачылардан айына мал баккан акысы бир баш кара малга 350 (үч жүз элүү) сом, кой эчкиге 80 (сексен) сом эгерде башка ройондун айыл өкмөтүнөн малчылары биздин жайлоого жайласа анда ар бир баш кара малга 150 (жүз элүү) сомдон, кой эчкиге 30(отуз)сомдон бекитилсин.
4. Жойлоого кетпей айылда калган малдар эгин талаасына чыгып бирөөнүн эгинин жеп талкаласа ар бир кара малга (жылкыга) 50(элүү) сомдон ал эми жылкынын ээсине 500(беш жүз) сомдон айып пул салынсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл чарба, жер маселелери» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Сатыгулов |