Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 09-июну № 36
Көлдүк айыл аймагындагы Э.Атакулов атындагы № 75 орто мектебинин имаратынын полдорун полдоо жана нымдуулукту азайтуу (мектеп аркасынан каптаж казуу) жана Алай-Булак участкасына таза суу чыгаруу жөнүндө
Көлдүк айыл өкмөтү 2018-жыл «ПРООН» пилоттук өнүгүү прогроммасына кирип айыл аймактагы Э.Атакулов атындагы № 75 орто мектебинин имаратынын полдорун полдоого жана нымдуулукту азайтууга (мектеп аркасынан каптаж казуу) 557 675 (беш жүз элүү жети миё алты жүз жетимиш беш) сом жана Алай-Булак участкасына таза суу чыгарууга 1 224 868 (бир миллион эки жүз жыйырма төрт миң сегиз жүз алтымыш сегиз)сом максатында проектинин негизинде жалпысы 1 782 543(бир миллион жети жүз сексен эки мин беш жүз кырк үч) сом каражатын атайын каражаттар эсеп счетунун Таза суу боюнча 31113290 бөлүмүнө, ремонт иштери боюнча 31112390 бөлүмүнө чегерүү жагы финансы экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын талкуусунун негизинде, КРнын Бюджет кодексинин,КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын негизинде Көлдүк айылдык кенешинин VI чакырылышын кезексиз 11-сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Көлдүк айыл өкмөтүнө «ПРООНдун» проектиси аркылуу каралган жалпы 1782543 (бир миллион жети жүз сексен эки мин беш жүз кырк үч)сом акча каражаты атайын эсеп- счетуна Таза суу боюнча 31113290 бөлүмүнө, ремонт иштери боюнча 31112390 бөлүмүнө кошумча план болуп чегерилсин.
2. Токтомдогу көргөзүлгөн акча каражатын которуу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы К.Дүйшеевге жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Сатыгулов |