Редакцияот 12.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2018-жылдын 12-октябры № 2

Социалдык объекттерди курууга мүмкүн болгон жер тилкелерин айылдардын генпландарына киргизүү жɵнүндɵ

Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 77-беренесинин 1,2 жана 3-бɵлүктɵрүнүн негизинде жана айыл аймагынын айылдарынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында Отуз-Адыр айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Жаңы социалдык объекттерди куруу үчүн айыл аймагындагы калктуу конуштардын арасындагы жер тилкелери изилденип, социалдык объекттерди курууга мүмкүн болгон жер тилкелери айылдардын генпландарына киргизүү жагы Кара-Суу райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына сунушталсын..

2. Отуз-Адыр айылынын №14-контурунда жайгашкан 5,3га жер аянтынын кимге тиешелүү экендиги аныкталсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)

4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Адашов)

 

Төрага

А.Д.Беделов