Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры № 2
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарбасына ыңгайсыз жер тилкелерин тоорук (аукцион) жана конкурс аркылуу сатуу же көп жылдык мөөнөт менен ижарага берүү жана ижара акы тарифин бекитүү жөнүндө
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү тартиби жана шарттары жөнүндө Жобонун» негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарбасына ыңгайсыз жер тилкелерин тоорук (аукцион) жана конкурс аркылуу сатууну же көп жылдык мөөнөт менен ижарага берүүнү айыл өкмөтү жүргүзсүн.
2. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарбасына ыңгайсыз жер тилкелерин көп жылдык мөөнөт менен өздөштүрүү үчүн же өндүрүштүк ишкана куруу максатында ижарага берүү жөнүндөгү келишимдерди түзүүдө ижара акылары 1 га жер участогуна 10 000 сом өлчөмүндө бекитилсин
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)
4. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Адашов)
Төрага | А.Д.Беделов |