Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 12-октябры № 4
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги айыл чарбасына ыңгайсыз жер тилкелеринин пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган №145 «Жер участокторун (трансформациялоо) жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. КР 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган №145 «Жер участокторун (трансформациялоо) жөнүндөгү» мыйзамынын 1-главасынын 11-беренесинин 2-пунктунун жана 2-главасынын 15-беренесинин 1-пунктунун 3-бөлүмчөсүнүн негизинде Отуз-Адыр айылындагы муниципалдык мончонун чыгыш тарабында «Машраб-Сай» сайынын жээгинде жайгашкан айыл чарбасына ыңгайсыз 0,20га жер тилкесинен КР АРИС уюму аркылуу Отуз-Адыр жайыт пайдалануучулар бирикмесине мал дарылоочу пункт куруу үчүн 0,15га жер участогун курулуш куруу багытына өзгөртүү сунушталсын.
2. КР 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган №145 «Жер участокторун (трансформациялоо) жөнүндөгү» мыйзамынын 1-главасынын 11-беренесинин 2-пунктунун жана 2-главасынын 12-беренесинин 1-пунктунун 4-бөлүмчөсүнүн негизинде Отуз-Адыр айылдык аймагынын Кызыл-Абад айылынын Сасык-Булак участкасындагы №209- контурда жайгашкан 2,0га айыл чарбасына ыңгайсыз жер тилкесинен айыл чарбасында силостук аң катары пайдаланылган 0,70га жер участогун өндүрүштүк ишкана куруу багытына өзгөртүү сунушталсын.
3. КР 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган №145 «Жер участокторун (трансформациялоо) жөнүндөгү» мыйзамынын 1-главасынын 11-беренесинин 2-пунктунун жана 2-главасынын 12-беренесинин 5-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык аймагынын Савай-Арык айылында курулуштардын орду болуп жайгашкан №1111 жана №1113 контурларындагы 0,53га жер участогун бак-тигип өздөштүрүү багытына өзгөртүү сунушталсын.
4. КР 2013-жылдын 15-июлунда кабыл алынган №145 «Жер участокторун (трансформациялоо) жөнүндөгү» мыйзамынын 1-главасынын 11-беренесинин 2-пунктунун жана 2-главасынын 12-беренесинин 1-пунктунун 4-бөлүмчөсүнүн негизинде Отуз-Адыр айылдык аймагынын Зымырык участкасындагы №13 контурда фильтрациялык талаа болуп жайгашкан 14,4га жер тилкесинен 0,60га жер участогун өндүрүштүк ишкана куруу багытына өзгөртүү сунушталсын.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнɵ жүктɵлсүн.(Т.Туйбаев)
6. Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айылдык Кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Адашов)
Төрага | А.Д.Беделов |