Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII сессиясынын (бешинчи чакырылышы)
2018-жылдын 12-октябры № 7
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмɵтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243-токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун 22-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан сунушталган айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
Комиссиянын бекитилген курамына айыл чарба жерлеринин мамлекеттик (кайра бөлүштүрүү) фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби тууралу Жобого ылайык иш алып баруу жана жогорудагы маселе боюнча иш регламентин иштеп чыгуу милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын.(А.Мурзаев)
Төрага | А.Д.Беделов |