Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 13-отуруму
2018-жылдын 13-январы № 13/2
Корул айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун жаңыдан шайланган курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Аксакалдар соттору жөнүндөгү Мыйзамынын 1-бөлүмүнүн 12-беренесинин негизинде, Корул айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун жаңыдан шайланган курамын бекитүү жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын Аксакалдар соту болуп шайланган Маназаров Токтосун Маданбекович, Эргешов Эсен, Алиев Ногойбай Токтобаевич, Ажымаматов Турдумамат, Тогуз-Булак айылынан Исманова Арзикан, Үркүнбаев Акмат, Байташов Эргешбай, 1-Май айылынан Жолдошова Азизкан Аскербековна, Примбаев Көкө Корул айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 10-январындагы №03 буйругунун негизинде Корул айылдык Аксакалдар сотунун курамы катталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |