Редакцияот 13.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын 13-отуруму 

2018-жылдын 13-январы № 13/4

Алай аймактык шайлоо комиссиясына талапкер көрсөтүү жөнүндө

 «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин  1-бөлүгүнө ылайык сунушталган өкүлдөрдүн тиешелүү документтерин карап, талкуулап Корул айылдык Кеӊешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Корул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Алай аймактык шайлоо комиссиясына талапкерлер Жээнбаев Бакыт Базарбаевич, Шерикбаев Алайбек Жаанбаевич, Бекташов Жалил Абдыкалыковичтер көрсөтүлсүн.

2.  Жогорудагы сунушталган өкүлдү бекитип берүү жагы Алай райондук аймактык шайлоо комиссиянынан суралсын.

 

Төрага

Т.Маназаров