Редакцияот 22.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

6-чакырылышынын 13-отуруму 

2018-жылдын 22-февралы № 14/1

Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жыл үчүн малга байланган 300000 сом жайыт акыны бекитүү боюнча

Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 6-беренесинин 4-пунктуна таянып, жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүп, жалпы жайыттарды пайдалануунун 2018-жылдык планына ылайык

Корул айылдык Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Корул айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2018-жыл үчүн малга байланган жайыт акы айыл өкмөтүндө бир баш кой-эчкиге 20 сомдон, бир баш бодо малга 60 сомдон, бир баш жылкыга 70 сомдон, жалпы жыйынтыгы 300000 сомго бир жылга бекитилсин.

2.  Жогоруда малга байланган жайыт акыны өндүрүү жана өндүрүлгөн акча каражатын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин

 

Төрага

Т.Маназаров