Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 14-отуруму
2018-жылдын 22-февралы № 14/2
1,2 га бак Корул айыл өкмөтүнүн мамлекеттик айыл чарба фондунда баланста тургандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген Типтүү Жобонун шарттары менен ижарага берүү боюнча
Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 2-июнундагы №45 Мыйзамынын 1-бөлүгүнүн 1-беренесинин 21-пунктуна таянып, 1,2 га бак Корул айыл өкмөтүнүн мамлекеттик айыл чарба фондунда баланста тургандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген Типтүү Жобонун шарттары менен ижарага берүү боюнча Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1,2 га бак Корул айыл өкмөтүнүн мамлекеттик айыл чарба фондунда баланста тургандыктан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген Типтүү Жобонун шарттары менен ижарага берилсин.
2. Кең-Жылга айылынын тургундары Турганбаев Жанибек, Турганбаев Мустафа, Турганбаев Медербек, Турганбаев Эрнистерге айыл өкмөтүнөн жер берүү боюнча чыккан токтомдун негизинде, Алай архитектура жана шаар куруу башкармалыгы тарабынан жеке менчик турак жай үчүн документтеринин кайсы жылы, ким тарабынан каттоодон өткөрүлгөндүгү мыйзамдуу же мыйзамсыз экендиги такталып жаткандыгы белгиленсин.
3. Эгер документтер туура эмес берилген болсо, бакты аренда түрүндө берүү жана буга чейинки түшүмдүүлгүн эске алуу менен 5 жылдык аренда акысын кошуп төлөтүү жагы, айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышы жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана Корул айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси А.Ысаковго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |