Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 15-отуруму
2018-жылдын 30-марты № 15/1
Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштери боюнча жылдык отчетуна баа берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 20-беренесинин 7-16-17-пункттарына ылайык, айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкеринин жана ВУС кызматкерлеринин жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери жана ВУС кызматкерлери тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Калкты социалдык жактан коргоодо аткарылган иштерди күчөтүү жагы айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери К.Жапаровага, ал эми «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей милдеттүү аскердик жана альтернативдик кызматтары жөнүндө» Мыйзамынын 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, райондук чакырууга жарандарды өз убагында жөнөтүүнү камсыз кылуу жагы ВУС кызматкерлери А.Маматовго, С.Жээмуратовага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |