Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-марты № 15/2
Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 22-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча С.Жакыповдун жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн табигый кырсыктардын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер титирөөдөн жабырлангандарга жакындан жардам берип тактоо жагы С.Жакыповго милдеттендирилсин жана сел каптоонун, суу ташкындарынын, жер көчкүлөрдүн алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш чаралар күчөтүлсүн, жер көчкү коркунучу бар участокторго жооптуу кызматкерлер бекитилип, эл арасында түшүндүрүү иштери айыл башчылар тарабынан жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |