Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 15-отуруму
2018-жылдын 30-марты № 15/7
Корул айылдык Кеңешинен аймагындагы 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндөгү» Мыйзамынын 2-беренесине таянып, Корул айылдык Кеңешинин аймагындагы 1-Май, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү боюнча
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык Кеңешинин аймагындагы 1-Май айылынын тургундары 15-апрелден 1-майга чейин, Тогуз-Булак айылынын тургундары 1-май 10-майга чейин, Кен-Жылга айылынын тургундары 10-майдан 20-майга чейин жайлоого көчүрүлсүн. Ал эми жайлоодон көчүп келүүсү 1-Май айылынын тургундары 20-августтан, Тогуз-Булак айылынын тургундары 25-августтан, Кен-Жылга айылынын тургундары 1-сентябрдан белгиленсин.
2. «Жайыт жөнүндө» мыйзамдын негизинде элди жайлоого көчүрүү, ошону менен бирге алыскы Демей жайлоосун пайдалануу, айылдарда пада уюштуруп, Демей жайлоосуна көчүрүү жагын тездетүү жана айылдардагы чөп орунду жерлерди кайтарууга кароол дайындоо жагы, 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучуларга, Кең-Жылга айылынын айыл башчысы Д.Умаровго милдеттендирилсин.
3. Алыскы Демей жайлоосуна баруучу падачылар адаттагыдай эле салык төлөсүн. Жакынкы жайлоого чыгуучу жарандар жана падачылар субайы менен бирге 20 бодо,100 койдон ашса, жер кыртышын бузуп жаткандыгына байланыштуу, адаттагыдан 3эсе көп салык төлөсүн жана экотехинспекцияга билдирилсин. Жайлоого малдары айдалбагандар жана баш ийбеген падачылар экотехинспекцияга билдирилип, жазана салуу жагы каралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке, жер жана агрардык реформа боюнча туруктуу комиссияга жана айыл башчыларга жүктөлсүн.
Төрага | Т.Маназаров |