Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 15-отуруму
2018-жылдын 13-апрели № 16/1
Алай райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 04-апрелиндеги №11-330-18 сандуу катынын аткарылышы жөнүндө
Алай райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 04-апрелиндеги №11-330-18 сандуу катынын аткарылышы жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айылдык кеңешинин 05.08.2017-жылдагы №9/10 токтому менен Кең-Жылга айылындагы Ж.Алимов атындагы орто мектебиндеги спорт комплексине «Кең-Жылга спорт комплекси» деп ат коюлган токтомунун айрым пункттары мыйзамга туура келбегендиктен, Алай райондук прокуратурасы тарабынан жокко чыгарылгандыгы белгиленсин. Мыйзам талаптарына ылайыкташтырылып, элдик жыйындын жана Ош облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын макулдугу менен кайрадан спорт комплекске ат коюу жагы каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Раев Өмүрбекке жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин
Төрага | Т.Маназаров |