Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 17-отуруму
2018-жылдын 31-майы № 17/1
Корул айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн, таза суу курулмасын калыбына келтирүү жана санитария боюнча кызматтарды жакшыртуу максатында айыл өкмөтү менен АРИС программасы келишим түзүүгө макулдук берүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 1-бөлүгүнүн 3-статьясынын 2-пунктуна таянып, Корул айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн таза суу курулмасын калыбына келтирүү жана санитария боюнча кызматтарды жакшыртуу максатында айыл өкмөтү менен АРИС программасы келишим түзүүгө макулдук берүү боюнча
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн калкын таза суу менен камсыз кылуу үчүн таза суу курулмасын калыбына келтирүү жана санитария боюнча кызматтарды жакшыртуу максатында айыл өкмөтү менен АРИС программасы келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Раев Өмүрбекке жана Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин
Төрага | Т.Маназаров |