Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 17-отуруму
2018-жылдын 31-майы № 17/2
Маданият үйүнүн директорунун, Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдык китепканаларынын башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча билдирүүлөрүн угуп, баа берүү боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 14-пунктуна таянып, маданият үйүнүн директорунун Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдык китепканаларынын жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып талкуулап,
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корул айыл өкмөтүнүн маданият үйүнүн директорунун жана Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылындагы китепкана башчылары тарабынан бир топ алгылыктуу иштердин аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Китепканалардын, маданият үйүнүн ички жана сырткы ремонтторун жакшыртуу, айланасын көрктөндүрүп, жашылдандыруу маданият үйүнүн алдына гүл бакчаларды тигүү, даталуу күндөрдө майрамдык кечелерди уюштуруу маданият үйүнүн директору Калыкова Жийдегүлгө, китепкана башчылары Анара Камбаровага жана Махпураткан Бекмаматовага милдеттендирилсин.
3. Китеп окурмандарды, мектеп окуучуларын китепканага тартуу жана китепкананы жаңы китеп фонддору менен толуктоо китепкана башчылары А.Камбаровага, М.Бекмаматовага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, билим берүү, социалдык маселелер, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун баардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |