Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 17-отуруму
2018-жылдын 31-майы № 17/3
Корул айыл өкмөтүнүн КБФнун чөп орунду жерлерин арендага берүү боюнча
Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобого таянып,
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн ФПСтин жерлерин арендага берүү боюнча жалпы 42 гектар, анын ичинен: кайрак айдоо 18 гектар, чөп орунду 23 гектар жерден 2018-жылга план тапшырма 41400 сом болсо, 8900 сом төгүлгөнү белгиленсин.
2. Айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин арендага акысын берүү мөөнөтү аукционго коюлуп, беш жылдык мөөнөткө берилген келишимдин негизинде баасы кайрак айдоо үчүн 500 сом, чөп чабынды жердин баасы 500 сомго белгиленсин. Келишими бузулган же келишимдин мөөнөтү бүткөн жерлер кайрадан жалпы аукционго коюлсун.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айыл өкмөтүнүн башкы жер адиси Ысаков Алайбекке жана айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Момунжан Дайирбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Маназаров |