КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 17-отуруму
2018-жылдын 31-майы № 17/4
Корул айыл өкмөтүнүн Кен-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 2-бөлүгүнүн 10-беренесинин 7-пунктуна таянып, айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Ташкулова Жамиланын жүргүзүп жаткан иштерин карап чыгып, талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылындагы С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын директору Ташкулова Жамила бир топ алгылыктуу иштерди аткаргандыгы белгиленсин.
С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасына Ж.Алимов атындагы орто мектебинен жол боюна чыгарылган жерден суу түтүкчөсүн тартып келүү жагы каралсын жана бөбөктөр арасында богок, анемия, гепатит, ичеги-карын, ОРВИ жана башка жугуштуу оорулардын катталышына жол бербөө, алардын таралышын кыскартуу боюнча иш-чараларды көрүү жагы, ФАП башчыларына жана С.Шабырбекова атындагы балдар бакчасынын башчысына милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, социалдык маселелер, билим берүү, маданий массалык иштер жана саламаттыкты сактоо, спорттун бардык түрү, туризм жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Акмөндүр Орозалиевге жана айыл өкмөтүнүн айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |