Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 17-отуруму
2018-жылдын 31-майы № 17/6
Коомдук мончолордун, дүкөнчөлөрдүн элге кызмат кылуусун тартипке келтирүү жана спирт ичимдиктерин саттырбоо боюнча
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 3-бөлүгүнүн 18-беренесинин 1-пунктуна ылайык, айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук мончолордун, дүкөндөрдүн элге кызмат кылуусун тартипке келтирүү жана спирт ичимдиктерин саттырбоо боюнча
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин аймагындагы мончолорду үзгүлтүксүз иштетүү жагы мончо ээлеринен талап кылынсын.
2. Айылдагы дүкөндөрдүн айланасын ирээттеп, таштандыларды салууга урна орнотуу, тазалоо жагы эскертилсин, сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн сертификаты жок экендиги белгиленсин жана сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн элдердин ден соолугуна зыян келбей турган таза азык-түлүктөр менен камсыз кылып, сертификаты менен сатуу жагы дүкөн ээлерине милдеттендирилсин, эгер аткарылбаса санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна билдирилсин жана дүкөндөрдө спирт ичимдиктери сатылбасын.
3. Кең-Жылга айылындагы дүкөндөрдүн ээлерине тез аранын ичинде ажаткана куруу үчүн жер участогун тактап берүү жагы, айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Ысаковго жана ажаткана куруу жагы дүкөн ээлерине милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жамааттар жана граждандык коом менен иштөө, миграция, кичи жана орто бизнести колдоо, инвестиция тартуу, эмгек тартибин чыңдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |