Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 17-отуруму
2018-жылдын 05-июлу № 18/1
Маданият үйүнүн директорунун,Тогуз-Булак, Кен-Жылга айылдык китепканаларынын башчыларынын жүргүзүп жаткан иштери боюнча билдирүүлөрүн угуп, талкуулап
Корул айылдык Кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданият үйүнүн директорунун, Тогуз-Булак, Кең-Жылга айылдык китепканаларынын башчылары тарабынан бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Тогуз-Булак китепканасынын ички жана сырткы ремонтторун жакшыртуу, айланасын тосууну бүткөрүү жагы китепкана башчысы А.Камбаровага, милдеттендирилсин жана китеп окурмандарды, мектеп окуучуларын китепканага тартуу жана китепкананы жаңы китеп фонддору менен толуктоо жагы белгиленсин.
3. Маданият үйүнүн ички ремонтторун жакшыртуу, белгиленген даталуу күндөрдө майрамдык кечелерди уюштуруу жагы маданият үйүнүн директору Ж.Калыковага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы билим берүү жана саламааттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Т.Маназаров |